Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Нарын дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү 1 айдан бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-августта 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран дарыяга түшүп кеткен.
Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн да улантылат.