19:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад: Инвестиция көлөмү 10 эсеге көбөйдү

Жалал-Абад шаарына алып келинген тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы 9 ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 эседен ашып кетти. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун берген маалыматына караганда, өткөн жылдын 9 айында тыштан алып келинген инвестициянын көлөмү 45,1 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы 9 айда анын көлөмү 459,2 миллион сомго жеткен. Ошентип, өсүү темпи 1018,2 пайыз болду.
Жалал-Абад шаарына тартылган ички инвестициянын көлөмү да жылдагыдан көп. Өткөн жылдын 9 айында ички инвестициянын көлөмү 1 миллиард 111,6 миллион сомду түзсө, быйылкы 9 айда анын көлөмү 1 миллиард 189,4 миллион сомго жетти. Өткөн жылдагыдан 77,8 миллион сомго көп болуу менен өсүү темпи 107 пайыз болду.

«Шаарыбыз боюнча жалпы тартылган инвестициянын көлөмүнүн өсүү темпи быйылкы 9 айда 142,5 пайызды түздү. Себеби, өткөн жылдын 9 айында тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллиард 156,7 миллион сомго жеткен болсо, быйылкы 9 айда 1 миллиард 648,6 миллион сомду түздү. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 491,9 миллион сомго көп тартылды», — дейт С. Умаров.

Эң көп окулган жаңылыктар