Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды

11:19, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Словакияда өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти.

Спорттук иш-чара 17-сентябрда башталды. Ал 23-сентябрда аяктайт.