Акыйкатчынын ордуна беш талапкер ат салышууда

09:36, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчынын ордуна беш талапкер ат салышууда. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Токон Мамытовду, «Бир бол» фракциясы Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин сунуштады.

Талапкерлер парламент жалпы жыйында талкуулайт.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда парламентте отчет берүү алдында өз каалоосу менен иштен кеткен.