Өкмөт башчы өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылды

09:17, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Фото

Өкмөт башчы соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жумалык мөөнөттө тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.

Эске салсак, акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталууда. «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» рыногундагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келди.