4-кабаттан энеси менен кошо кулаган наристенин абал оор бойдон калууда

09:11, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 4-кабаттан энеси менен кошо кулаган наристенин абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

7 айлык наристе денесинен ар кандай жаракат алган. «Баланы операция кылышты, бирок анын абалы оор. Медиктер анын жашоосу үчүн күрөшүп жатышат. Эненин абалы туруктуу, жакында операция болот», —деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 6-сентябрда Ошто 40 жаштагы аял колундагы наристеси менен 4-кабаттан боюн таштап жиберген.