Тарых музейин оңдоого бөлүнгөн акча каражаты рационалдуу пайдаланылган эмес

15:17, 14 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Тарых музейин оңдоого бөлүнгөн акча каражаты рационалдуу пайдаланылган эмес. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.

Айтымында, Башкы прокуратура тарых музейин калыбына келтирүүдө бир канча укук бузуулар орун алгандыгын аныктады. Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам аткарылган эмес. Бюджеттик каражаттар максатсыз коротулган. Тергөө дагы деле акырына чыга элек.

Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, башкы прокуратура жалган айтып жатат. Анткени, булл факт боюнча кылмыш иши эчак эле козголгон, бирок бир дагы фигуранттын ысымы айтыла элек.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча 13-июлда кылмыш иши козголгон.