USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Тажикстандык 2 авиакомпания Кыргызстан аркылуу учууга даяр

16:40, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Тажикстандык 2 авиакомпания Кыргызстан аркылуу учууга даяр. Бул тууралуу коомдук угууларда Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

Айтымында, тажикстандык 2 авиакомпания Пекин, Сеул жана Гуанчжоуга учушмакчы. «Ачык асман» долбооруна каалаган өлкөлөр тоскоолдуксуз кире алышат.

Унаа жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев аталган долбоорду кабыл алуудан мурун аба майданын кеңейтип, учуучу конуучу тилкени куруу керектигин белгиледи.

Курманбек Акышев мындай сунушту колдоду. «Балким, бир канча компания катары менен каттамдарды жүргүзөт, анда зал кичинекей болгондуктан, көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Экинчи тилкени куруу керек», —деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика