Адилет министрлигинин кызмат ордуна Марат Жаманкуловдун талапкерлиги жактырылды

13:50, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитети 3 өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды.
 

Парламент аппаратынын жетекчилигине Шамилбек Асымбеков, Адилет министрлигинин кызмат ордуна Марат Жаманкулов, Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына Эмил Осмонбетов сунушталды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, сунушту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү берген.