ИИМ өрттөнгөн объектилерде криминалдык мүнөздөгү эч кандай изди көрө алган жок. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 14-сентябрда «Мадина» базарынын кампасында өрт чыккан. 17-сентябрда Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базары күйүп кетти. Бүгүн түнү «Супара» этнокомплексинде өрт кырсыгы катталды.
Учурда атайын өрттөлдү деп айтууга эч кандай негиз жок. Адистер өрт коопсуздугу тууралуу эрежелер сакталбаган болушу мүмкүн деген божомолду айтышууда.