ИИМ өрттөнгөн объектилерде криминалдык мүнөздөгү эч кандай изди көрө алган жок

13:39, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМ өрттөнгөн объектилерде криминалдык мүнөздөгү эч кандай изди көрө алган жок. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 14-сентябрда «Мадина» базарынын кампасында өрт чыккан. 17-сентябрда Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базары күйүп кетти. Бүгүн түнү «Супара» этнокомплексинде өрт кырсыгы катталды.

Учурда атайын өрттөлдү деп айтууга эч кандай негиз жок. Адистер өрт коопсуздугу тууралуу эрежелер сакталбаган болушу мүмкүн деген божомолду айтышууда.