«Муниципалдык транспорттун айдоочулары эмне үчүн камсыздандыруу полистерин алышпайт?», -деп Жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Алтынбек Доспаев суроо салды.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда Алтынбек Доспаев билдиргендей, ушул жылдын апрелинен тарта 2 миң 600 маршруттук таксинин айдоочулары жана ээлери камсыздандыруу полистерин алышкан.
«Айдоочулардын нааразы болгону бул акыйкаттуу көрүнүш. Эмне үчүн маршруткаларды камсыздандырып, троллейбус менен автобустарды камсыздандырган жок», —деди Алтынбек Доспаев.