Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу кайрадан начарлап кетти

11:44, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ден соолугунун абалы кайрадан начарлап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, соттолгон саясатчы неврология борборунан № 47 түзөтүү мекемесине которулгандан кийин жүрөк оорусу кармап, кан басымы жогорулап кеткен.

«Өмүрбек Текебаев учурда медициналык көзөмөлдө турат. Бирок, керектүү дары-дармектер колониянын медициналык бөлүмүндө жок», —деди Таалайгүл Токтакунова.

Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери жемкорлук боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.