Ак-Жол айылында эски снаряддар табылды

10:34, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Ак-Жол айылында эски снаряддар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Фото

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге УКМК, ӨКМ жана ИИМдин кызматкерлери келишти. Анда 8 даана эски, дат баскан, колдонууга жараксыз снаряддар табылды.

Учурда снаряддарды жок кылуу үчүн полигонго алып кетишти.