Билим берүү жана илим министрлиги китептерди сатып алууну улантат

09:38, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдары үчүн китептерди сатып алуусун улантууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер үчүн мамлекеттик тилдеги окуу китептерин сатып алууга ведомство 5 миллион 225 миң 356 сом коротот.

16 миң 260 көчүрмө «Бөбөктөрдүн алиппеси», 10 миң көчүрмө «Көркөм өнөр чыгармачылык башаты» китептери сатылып алынмакчы.