Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан өрт чыкты

09:14, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, базардын ичиндеги контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түнкү саат 22:35те келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылды.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.