Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу берилбейт

08:41, 18 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

20-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда саат 9дан 17:00гө чейин ичүүчү таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, «Контррезервуары» суу тосмосунда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам, Достоевский, Горький, Ауэзов, темир жол линиясы менен чектеш райондордо жана «Алтын-Ордо» менен «Кара-Жыгач» конуштарында суу берилбейт.