«Айыл чарбаны каржылоо −6» долбоорунун алкагында 10 миң 831 фермер жеңилдетилген насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик насыялар башкармалыгы боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалым болгондой, жалпы каржылоонун суммасы 5 миллиард 18 миллион 339 миң сомду түздү. Анын ичинен жашылча-жемиш өстүрүү багытына 1 миллиард 479 миллион сом каралган.
Ал эми мал тармагына 2 миллиард 768 миллион сом, кайра иштетүү жана кызмат чөйрөсүнө 1 миллиард 6,1 миллион сом бөлүнгөн.