Кыргызстандын кайсыл өлкөдө элчиси жок экендигин Тышкы иштер министри айтты

16:20, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын кайсыл өлкөдө элчиси жок экендигин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге айтып берди. Анын маалыматына караганда, Малайзия, Индия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Афганистанда кыргызстандык элчи жок.

Учурда элчилерди дайындоо боюнча айрым чечимдер кабыл алынды.