01:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев «Ак-Шумкар» белгисин Тарых музейинин ачылыш аземинде алат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Ак-Шумкар» белгисин Тарых музейинин ачылыш аземинде алат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, жакында Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жеке жолугушуусу болуп, анда президент сыйлыкты ыйгараарын убада кылган. Тарых музейдин ачылыш аземи качан болоору азырынча белгисиз.

13-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевге «Ак-Шумкар» белгиси дагы деле бериле элек деп айтып чыккан.
 

24.kg агенттиги мамлекет башчысынын аппаратына аталган маселе боюнча кайрылганда, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева чындыгында эле Алмазбек Атамбаевге сыйлык берүү тууралуу билдирүү 2017-жылдын аягында болгонун айтты.

«Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, мурунку президент бул сыйлыкты алууну каалабады. Учурда бул маселе талкууга алынган жок», —деди Толгонай Стамалиева.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын Алмазбек Атамбаевге азыркы президент Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда бере тургандыгын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар