Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калтырылды

11:52, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
 
Айтымында, сот Албек Ибраимовдун тарапташтарын жана жакындарын залга киргизген жок.

Эске салсак, мурунку мэр жемкорлук айыбы боюнча камалган.