Баткенде жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир киши каза тапты

11:45, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна карашатуу Тамаша-Жай тилкесинде жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, сайга түшүп кеткен.

Куткаруучулар унааны сайдан алып чыгышты.