Албек Ибраимовдун туугандары жана тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты

11:18, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги шаардык соттун имаратынын алдында экс-мэр Албек Ибраимовдун 80ге жакын туугандары жана тарапташтары чогулушту. Алар анын тергөө абагынан бошотулушун жана соттун ачык, акыйкаттуу өтүшүн талап кылышууда.

Бүгүн соттук коллегия жактоочу Сергей Слесаревдун Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын карап чыгат.

Экс-мэр жемкорлукка айыпталууда.