Кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча клубдук чемпионатта күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Нью-Йорк шаарында болду.
Спортчу Unity Jiu-Jitsu нью-йорктук клубдун атынан катышып, 85 килограмм салмак ченинде ат салышты.
Абдурахманхаджи Муртазалиев жайкы Азия оюндарында коло медаль тагынган.