USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Президент: Бизнес ачууда фискалдык текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизилди

11:02, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
«Мамлекеттик органдар ишкерлик үчүн шарт түзүп берип, жардам берүүнүн ордуна өз ара текшерүүлөрүн жүргүзүп, ишкерлердин жумушуна аралашып жатат», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен кезигүү маалында.
 
Айтымында, бийлик ишкерликтин көйгөйлөрүнүн баарын билет, учурда аны чечүүгө аракеттенүүдө. Мисалы, бизнес ачууда фискалдык текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизилди. Импорттук техникалардын бажы төлөмдөрү алынбайт, жеңил өндүрүш компаниялары үчүн камсыздандыруу төлөмдөр 27ден 12 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
 

«Арабызда мамлекеттик саясатты түшүнбөгөн кээ бир кишилер бар, алар себепсиз эле ишкерлерди текшере беришет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика