16:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Орусияда кыргызстандык 1 миң 453 жаран жаза өтөп жатышат

Орусияда кыргызстандык 1 миң 453 жаран жаза өтөп жатышат. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин Консулдук кызматы департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү баңгизатын сатуу, жасалма документ, экономикалык кылмыштар боюнча эркинен ажырашат.

Аталган департаменттин директорунун орун басары Алмаз Букалаевдин айтымында, Түркия менен Бириккен Араб Эмиратына иш издеп кеткен кыргызстандыктар көбөйдү.

Департаментке жылына 50 миң кыргызстандык жаран кайрылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби