Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап кетти

09:10, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой, «Памир Строй» курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 30 метр бийиктиктен 33 жаштагы киши кулап кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.