23:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүгө тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча төмөндөгүлөрдү билдиди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушу менен 2017-жылы Тажикстан Республикасынын Xуджант шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин V жыйынында түрк тилдүү өлкөлөрдө «Чынгыз Айтматов жылы», — деп жарыяланды. Чечимдин алкагында жылдын расмий ачылышы Түркиянын Анкара жана Бурса шаарларында өттү.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуучунун 90 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, пландан тышкары 92 пунктан турган иш- чара иштелип чыгып, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринде жана Башкы консулдуктарда тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-августта Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышкан.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 4 — 7-октябрында «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» аталышындагы III Эл аралык Ысык — Көл форумун өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар