17:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Белизгейт» боюнча документтер УКМКда каттоого алынган эмес

УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге берген «Белизгейт» боюнча документтер УКМКда каттоого алынган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште УКМК башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Акмурзаев билдирди.

Айтымында, мамлекеттик комитетте атайын текшерүү болгон. Ишке УКМКнын кызматкерлери Мусаханов менен Кенжешевдин аралашканы маалым болгон. Бирок, алар Белизге чыккан эмес.

«Комиссия бул документтердин бар экендигин аныктаган жок. УКМКда каттоого алынган эмес», — деди Нурлан Акмурзаев.

ТИМ Белизге суроо-талап жөнөткөн. Ал жактан «жеке колго» деген белгиси менен жооп келген. Ал башкы прокурорго багытталган кат болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума