13:00, 16 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
— Энн, Кыргызстанга кантип келип калдыңыз?
— Мен бул өлкөгө жакында эле ыктыярчы болуп келдим. Буга чейин Орто Азияда болбогондуктан, Кыргызстан мен үчүн абдан кызык болду.
— Сиз Кыргызстанга келгенге чейин өлкө туурасында маалыматыңыз бар беле?
— Ооба, бар болчу. Кыргызстандын жаратылышы мени өзүнө тартып турат.
-Сизди эмнелер таң калтырды?
—Кыргызстандагы элдин ачык мүнөзү жана достукту бийик туткандыгы абдан таң калтырды.
— Бишкекте эмнелерди өзгөртүүнү каалайт элеңиз?
— Мен жакында эле келдим, ошондуктан азырынча баары жакшы. Бирок, үйдүн сыртында спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртууну каалайм.
-Бишкекте сиздин жакшы көргөн жайыңыз барбы?
— Бул абдан оор суроо. Балким, Эркиндик бульвары десем болот. Айрыкча балмуздактары менен.
— Улуттук ашканадан кайсы тамактарды жактырасыз?
— Баары абдан даамдуу. Бирок, мага курут менен кымыз жакпады.