11:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзгөн районунда 2 унаа кагышып, 4 жүргүнчү жаракат алды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 2 унаа кагышып, 4 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда жабыркагандардын арасында 1 жашар наристе бар.

Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну А.К. өзүнүн автоунаасы менен Мырза-Аке айылынан Өзгөн шаарына бара жаткан. Ал каршы тилкеге чыгып, башка унааларды ашып өтүүгө аракет кылып жатканда «Хонда Авансер» унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктан 4 жүргүнчү жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар