13:51
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Асел Садырова: Эки жарым жыл ичинде 14 медалдын ээси болдум

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуу боюнча өткөрүлгөн мелдеште, алтын медалды кыргызстандык айым Асел Садырова утуп алды. Мындан 2 жыл мурун уюштурулган көчмөндөр оюндарында ал коло медаль тагынып, «Дүйнөнүн таасирдүү 100 айымынын» катарына кошулган болчу. 23 мамлекеттен келген 153 спортчунун арасынан суурулуп алдыга озуп чыккан жаачы айым 24.kg агенттигине маек куруп берди.

-Саламатсызбы! Жеңишиңиз кут болсун! Көчмөндөр оюндарында алтын медаль тагындыңыз, кандай сезимдерге бөлөндүңүз?

-Саламатсыздарбы! Алтын медаль алыш мен үчүн оңойго турган жок. Көп эмгектенип, 2 жыл ичинде болгон аракетимди жумшадым. Негизи 2-көчмөндөр оюндары бүткөндө алдыма чоң максат койгом, кийинки иш-чарага катышып желекти көтөрсөм деп кыялдангам. Эми сезимдеримди сүрөттөш оор, толкундоо, сүйүнүү, сыймыктануу болот экен. Жеңишке жеткенимде эсиме атам келди, анткени ушундай даражага жеткенимди атам көрбөй кетти, бул мени өкүндүрөт. Апам, балдарым, бир туугандарым жана элимдин менин кубанычыма ортоктош болгону сүйүнтөт. Ар бир жеңишке ээ болгон сайын, муруну кыйынчылыктар унутулуп калат. Бирок, учурунда ал жеңишке жетүү оор, талыкпаган эмгекти талап кылат.

Буга чейин өткөрүлгөн 2- көчмөндөр оюндарына катышып, 15 мамлекеттен келген жаачылар менен ат салышкам. Анда коло медалдын ээси болгом.

-Кайсы кесиптин ээсисиз?

— Чуйков атындагы окуу жайды бүтүргөм, кесибим боюнча мугалиммин. 25 жылдан бери мектепте сүрөт сабагынан берем. Кичинемде ата-энем менен шаарга көп келип, эс алуу жайына ойногону барчубуз. Ошондо эле жаа атканды жакшы көрчүмүн. Болбосо мени эч ким жаа ат деп мажбурлаган эмес. Мен үчүн хобби болчу. 13 жашымда спорттун бул түрүнө кызыгуум артып, 40 жаштан баштап мелдештерге катыша баштадым. Ар бир жаачынын өзүнө таандык жаасы, жебелери, саадагы, кыскасы шаймандары болуш керек. Аны ар ким өзүнө ылайкыташтырып тандап алат. Алгач мен жеңил жагынан баштагам. Тажрыйба топтоп, булчундарым көнө баштаганда оорлоштура баштадым. Биринчи кытай жаасын колдонуп, кийин венгрия жаасын сатып алдым. Учурда түрк жаасын колдоном.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, канча балаңыз бар? Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду жолдой тургандары барбы?

-Атамдын көзү өтүп кеткен, апам баатыр эне. Тилекке каршы, жолдошум дагы кайтыш болгон, азыр 2 балам бар. Менин жаа атууга болгон кызыгуумду алар колдоп келишет, бирок, алардын спорттун бул түрүнө кызыгуулары аз.

Жаа кармаганыма 2 жыл 6 ай болду. Бул жыл аралыгында 14 медалдын ээси болдум, анын 9у алтын, 3өө күмүш жана экөөсү коло.

«Кыздар дагы жаа атмак беле» деген кээ бир ата-энелердин пикирине, тыюу салганына кошула албайм. Жаа атуу спортунда эркек же аял деп бөлүштүн кереги жок. Ар бир аялдын өзүнчө көз карашы бар. Эң негизгиси кызыгуу болсо болду. Бул спорттун түрүнүн ден соолукка тийгизген таасири чоң, белден өйдө төш, далы, колдун булчуңдарын иштетет. Көзгө пайдалуу, оюңду, аң сезимиңди бир жерге топтоого, тулку бойду түз кармоого, токтоолукка, шамдагайлыкка үйрөтөт.

-2016-жылы «дүйнөнүн таасирдүү 100 айымынын» тизмесине киргенсиз. Бийлик тарабынан кандайдыр бир жеңилдиктер же сыйлыктар каралдыбы?

-Жок, бул багытта жеңилдик каралып, сыйлык берилген жок. Батирде жашап, 2 кызымды багып келем. Азыр тапкан эмгегибиз менен күн көрүп келе жатабыз. Негизи кандайдыр бир жеңилдик, сыйлык берилсе дем күч болот эле. Анткени, жаа атуу боюнча Кыргызстандын атын чыгарып, желегин көтөрүп турсак, жогору жактан бизге карата болгон эмгекти баалоо, көңүл кош эместик деп билет элек.

-Маегиңизге ракмат! Медалдарыңыздын саны арта берсин! 

Эң көп окулган жаңылыктар