Өмүрбек Текебаев Неврология борборунан № 47 түзөтүү колониясына которулду

11:34, 14 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаев Неврология борборунан № 47 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, Өмүрбек Текебаевдин ден соолугунун абалы туруктуу эмес. Дарыгерлер аны колонияга которууга тыюу салышкан, анткени ал жакта дарылануу шарты туура келбейт. Бирок, ЖАМК мурунку депутаттын ооруканага жаткырылышына муктаждык жок деп, колониядан керектүү процедураларды ала алат деп билдиришти.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал жемкорлук боюнча айыпталууда.