01:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусиядагы миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө 1 миң 786 кайрылуу келип түштү

Жыл башынан бери Кыргызстандын Орусиядагы миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө 1 миң 786 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айлык маяналарын ала албагандар. Бул багытта 551 кайрылуу түшүп, анын 321и чара көрүлүшү үчүн тиешелүү комитеттерге жиберилди.

Мындан тышкары кыргызстандыктар убактылуу каттоого туруу, кара тизмеден чыгуу, эмгек келишиминин жоктугу тууралуу маселелер боюнча көп кайрылышат.

Эң көп окулган жаңылыктар