Бишкек-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдары жабылат

10:21, 14 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдары саат 8ден кечки 10го чейин жабылат. Бул тууралуу «НК «Кыргыз темир жолу» мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, поезддердин кыймылынын коопсуздугу үчүн аталган аймакта жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Унаа кыймылы айланма жол аркылуу ишке ашырылат.