18:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ата-эне 17 жаштагы уулун карыздарынан кутулуш үчүн кашарга малчы кылып беришкен

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылынын тургундары 17 жаштагы уулун карыздарынан кутулуш үчүн кашарга малчы кылып беришкен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук прокуратурадан билдиришти.

«17 жаштагы Г.Н. ушул жылдын апрелинен бери мектепке барган эмес. Бул убакыт аралыгында ал айылдагы кашарлардын биринде малчы болуп иштеп жүргөн. Өспүрүмдүн ата-энеси кашар ээсине 13 миң сом карыз болуп калышкан, мындан улам карыздан кутулуу үчүн баласын ноябрга чейин малчы кылып беришкен», —деп жазылат маалыматта.

Аталган үй-бүлөдө 12 жаштагы өспүрүм дагы бир жолу да мектепке барбагандыгы аныкталды.

«Ата-энесин административдик жоопкерчиликке тартышты. Учурда 2 бала тең мектепке бара баштады. Аларга жеке тартипте инклюзивдик билим алуу үчүн шарттар түзүлдү», —деп билдиришти прокуратурадан.

Эң көп окулган жаңылыктар