19:22
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Түркмөнстан укук коргоочуларды куугунтуктаган өлкөлөрдүн катарына кирди

Түркмөнстан адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ менен кызматташканы үчүн жарандарын куугунтуктаган 38 өлкөнүн катарына кирди.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, шаршемби күнү БУУ адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар менен иштешкени үчүн жарандарын коркутуп-үркүтүп, кыйноого алып, камап жана өлүмгө жеткирген өлкөлөрдүн атын атады.

БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин жылдык баяндамасында укук коргоочуларга катаал мамиле жасалган учурлар жөнүндө айтылды.

БУУ башкатчысы мындай «маскара тажрыйбанын» тамырын кыркуу зарылдыгын билдирди.

Түркмөнстан БУУга 1992-жылдан бери мүчө жана кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар экенин, эл аралык милдеттенмелерин аткарарын билдирип келет. Бирок өлкө жыл өткөн сайын адам укуктарын коргоодо эң начар көрсөткүчтөргө ээ болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар