17:23, 13 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң капчыгайында 1990-жылы туулган Ш. М. аттуу израилдик турист адашып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларына 8 куткаруучу тартылып, бүгүн туристти табышты.
Анын абалы туруктуу экени айтылууда.