17:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош облусунда 2 жаңы мектеп ачылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Терек жана Курбу-Таш айылдарындагы эки мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Мында турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жабыркаткан жаратылыш кырсыктары болгон учурда биз, азыркы өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге келгенбиз. Ал ошол кездеги премьер-министр катары кыйраган объектилерди калыбына келтирүүнү убада кылган. Андан соң адамдарга жардам көрсөтүү иштерин мен координация кылдым. Мектептин курулушу үчүн ушул жерди тандаганыбыз эсимде. Натыйжалуу чечимдер кабыл алынды, бардыгын мөөнөтүндө аяктаганыбызга кубанычтамын. Ушул иштердин арты менен балдар эми жаңы жана жарык мектепте окушат. Ушул маанилүү окуя менен бардыгыңыздарды куттуктайм», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, айылдыктардын жашоосунун шаардагы шарттардан айырмаланбашы үчүн аймактарды өнүктүрүү Концепциясында аймактардын жашоо шарттарын жакшыртуу каралган.

«Биз аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул кадам ички жана тышкы миграцияны кыскартууну шарттайт. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында өлкө боюнча жыл аягына чейин 150 социалдык объекттин курулуш аяктайт. Ошону менен бирге жашоочуларга жер-жерлерде узак мөөнөттөргө жеңилдетилген насыяларды берүү түрүндө жардам көрсөтүлөт, жөлөкпулдардын жана эмгек акылардын өлчөмү акырындап көбөйтүлөт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар