14:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак-Шумкар» белгиси тапшырыла элек

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак-Шумкар» белгиси тапшырыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина билдирди.

айтымында, Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы бир жыл мурун чыккан, бирок азыркыга чейин аткарыла элек.

«Сыйлык азыркыга чейин бериле элек. Муну ким аткарыш керек? Жарлыкка кол коюлган, эми аны аткаруу керек» —деди Ирина Карамушкина.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында президент биринчи жарлыгы катары Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры наамын ыйгарып, «Ак-Шумкар» белгиси менен сыйлай тургандыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар