15:06, 13 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Экс-депутат Өмүрбек Текебаев калкан безинин жанында пайда болгон шишикти операция жолу менен алып салууга макулдугун берген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. .
Анын айтымында, саясатчы дарыгерлердин көрсөтмө бергенине карабай операциядан баш тартты.
«Шишиктин зыяны жок, мындан улам оперциясыз эле дарыланууга болот. Өмүрбек Текебаев учурда комплекстүү дарыланып жатат, олуттуу дары-дамектерди ичүүдө», —деди жактоочу.
Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери жемкорлук беренеси боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.