Тез медициналык жардам ооруканасынын башкы дарыгери Сакен Капановдун айтымында, 55 жаштагы аял жана 38 жаштагы эркек киши 80-90 пайыз күйүк менен жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алар базада оператор болуп иштешкен.
Айдоочунун алган жаракаты жеңил болгондуктан үйүнө жөнөтүлдү.
Окуя 10-сентябрда болгон. Ишкананын жетекчилиги бул боюнча комментарий бере элек. Окуяны иликтөө үчүн эмгек инспекциясынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.