Депутат майрамдарга карата беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады

11:27, 13 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Акылбек Жамангулов бүгүнкү парламенттин отурумунда майрамдарга карата беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады.

Айтымында, Кыргызстанда ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө көп акча каражаттары коротулууда.

«Тойлорду өткөрүүгө карата 5 жылдык мораторий жарыяланышы керек. Эки ири иш чараны өткөрүп жатабыз, көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Качан акча болгондо, калган майрамдарды белгилейбиз», — деп сунуштады Акылбек Жамангулов.