Токон Мамытов акыйткатчынын кызмат ордуна талапкерлигин коет

11:06, 13 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Коопсуздук маселелери боюнча экс-вице-премьер Токон Мамытов акыйткатчынын кызмат ордуна талапкерлигин коет. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине КСДП фракциясынын катчылыгы тастыктады. Талапкер аталган фракцияга документтерин тапшырган.

Маалым болгондой, 7 киши арыз тапшырды. Алардын арасында Жогорку Кеңеште президенттин мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев, экс-омбудсмен Турсунбек Акун, акыйкатчы аппаратынын кызматкери Урматбек Аралбаев, юрист Рита Карасартова, эксперт Гульназ Эргешова жана адам укуктары боюнча кызматкер Алберт Колопов бар.

Эске салсак, мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда кызматтан өз каалоосу менен кеткен.