17:21, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну огородуна курал-жарактарды катып жүргөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ШИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары АК-74 үлгүсүндөгү тапанча жана 2 магазин, карабин, 29 ок таап алышты.
«Мындан тышкары, 42 жаштагы тургун ок атуучу курал-жарактар салынган ящикти катып жүргөнү аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.