Анын айтымында, Кыргызстан базары өзбек кездемелери жана башка товарларына толду. Мындан тышкары коңшу өлкө өз өнүмдөрүн уюмдун мүчөсү эмес экенине карабай, ЕАЭБ базарларына Кыргызстан аркылуу алып өтүп жатканын баса белгиледи.
«Биз картошка жана азык-түлүк өнүмдөрүн Өзбекстанга жеткирип турганбыз, бирок азыр алар тыюу салып жатат. Биздин өлкөдө бул маселени Өзбекстан менен тең шартта чече турган бир киши табылган жок», — деди Акаев.
2017-жылы жазында Өзбекстан картошканын баасын төмөндөтүү үчүн аны Кыргызстандан сатып алып жатканы кабарланган.