USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Исхак Масалиев «Таблиги Джамаат» диний кыймылына тыюу салууну сунуштады

14:06, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстандагы «Таблиги Джамаат» диний кыймылына тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда билдирди.

Айтымында, ШКУга мүчө өлкөлөр аталган кыймылды кара тизмеге киргизишкен. Кыргызстан дагы «Таблиги Джамаат» уюмун экстремисттик деп таанышы керек.

Бирок, УКМКнын жана ИИМдин бир дагы өкүлү депутатка аталган кыймыл Кыргызстанда эмне себептен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат деген суроосуна жооп бере албады.

Учурда өлкөдө 2 жарым миң мечит иштейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика