02:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда 182 «саясий туткунга» ырайым берилиши мүмкүн

Тажикстанда Конституциянын кабыл алынганынын 24 жылдыгына карата камактагы 182 саясий туткунга ырайым бериле турганы кабарланууда.

Соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Зарина Набиеванын айтымында, бул тууралуу ЕККУнун Варшавадагы жыйыны маалында Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров билдирген.

«Күйөөмдүн чет өлкөдө жашап жүргөн бир тууганы Варшавада Сайфулло Сафаров менен сүйлөшүп, мунапыс бериле тургандардын тизмесинде Бузургмехр барбы деп сураганда ал бар деп жооп берген. Бүгүн анын эжеси дагы Бузургмехрди бошотот деген сөздөр жүрүп жатканын айтты», — деди Ёровдун жубайы.

Экстремизм, сотту сыйлабоо жана бийлик өкүлүн кемсинтүү айыптары менен 28 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровдун туугандары аны Тажикстандагы саясий туткундардын бири деп эсептешет.

Тажик бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып, эл аралык уюмдар саясий туткун деген адамдар кылган кылмыштары үчүн жазаларын өтөп жатканын билдирип келет.

Ал ортодо 11-сентябрда «Азия-Плюс» агенттиги өлкөнүн Юстиция министрлигиндеги өз булактарына таянып, эркиндикке саясий туткун деп айтылып жүргөн адамдар чыгышы мүмкүндүгүн жазды. Басылманын маалыматына караганда, учурда 182 адамга ырайым берүү тууралуу даярдалып жаткан документтер Юстиция министрлигинде жана Башкы прокуратурада каралууда. Бирок юстиция министринин орун басары Иззатулло Шарипов мунапыс тууралуу эч нерсе укпаганын билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар