Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

11:30, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.