Албек Ибраимовдун соттук процесси жабык түрдө өтө тургандыгы анык болду

11:18, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык соту мурунку мэр Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу иш боюнча жактоочу Сергей Слесаревдун арызын карап жатат.
 
Отурумга чейин эле соттук процесс жабык түрдө өтө тургандыгы анык болду. Тартип сакчылары залга болгону жактоочуну гана киргизишерин айтышты.
 

Албек Ибраимовдун тарапташтары каршы чыгышып, жактоочу аларсыз отурумга кирбей тургандыгын билдиришүүдө. Сергей Слесарев чогулгандардын пикирине ортоктош экенин айтты.